Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:55

Кыргызстанда кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлөт


БИШКЕК. Өлкөдө уюшулган кылмыш топторуна каршы күрөш күчөтүлөт жана мындай иш-чараларды премьер-министр Николай Танаев жетектейт. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Мындан ары өкмөт башчысы апта сайын күч структуралардын жетекчилери менен жолугушуп, алардын иши боюнча отчет алып турат. 13-апрелде президенттин күч структураларынын жетекчилери менен болгон жолугушуусунда бул тармактагы кадрлардын даярдыгын жакшыртуу тапшырылды. Ал эми мындай иш-чаралар үчүн бюджеттен кошумча каражаттар талап кылынат. Парламентке болсо кылмыштуулуукка каршы күрөшүүдөгү укуктук негиздерди камсыз кылган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана айрым мыйзамдарга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды.

XS
SM
MD
LG