Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Орусия Кыргызстанга 2 млн. долларлык аскердик-техникалык жардам көрсөтөт


БИШКЕК. Кыргызстанга Орусия 2 миллион доллар өлчөмүндө аскердик-техникалык жардам көрсөтөт. Бериле турган курал-жабдыктардын ичинде жаңы үлгүдөгү «Абакан», «Каштан» автоматтары, «Печенег» пулеметтору жана «Гюрза» тапанчалары бар. Мындай келишимге Кыргызстандын коргоо министринин 9-11-апрелде Москвага жасаган сапарынын учурунда жетишилген. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында коргоо министри Эсен Топоев билдирди. Анын айтымында, мындай жаңы үлгүдөгү куралдар КМШ мамлекеттеринин көпчүлүгүндө жок. Бул курал-жабдыктар апрель айынын аягына чейин Кыргызстанга келип түшөт. Орусияда ошондой эле Кыргызстандын Ми-8МТВ үлгүсүндөгү бир тикучагы 1 миллион долларга оңдоодон өткөрүлөт.


(Сүрөттө: кыргыз жана орус коргоо министрлери Э.Топоев менен С.Иванов. 2003-жыл. "Азаттык" үналгысынын архивинен).

XS
SM
MD
LG