МОСКВА. Орусиянын ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, 2003-жылы Чеченстанда 605 киши уурдалды. Министрликтин өкүлү Борис Гавриловдун айтымында, өткөн жылы ал кишилердин болгону 51и табылып, куткарылды. Уурдалып кеткендердин 25инин курман болгондугу маалым болгон. Укук коргоочулардын билдиргенине караганда, быйыл үч айдын эле ичинде Чеченстанда 70 киши уурдалып кетти.
Кечки жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары
Кечки жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары