ТЕГЕРАН. Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы Тегеран өкмөтүнө жарым миллионго чукул Ооган качкынын мекенине кайтаруу үчүн жардамдашат. Бул жөнүндө комиссар Рууд Лубберс кечээ Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази менен Тегеранда болгон жолугушууда билдирди.
Ирандын ИРНА агенттигинин маалыматына караганда, министр Ооган качкындарын кайтаруу жараянын тездетүүгө чакырды.
Өткөн аптада Тегеран эгер оогандыктар август айына чейин үйлөрүнө кетпесе, аларды күч менен көчүрөөрүн эскерткен.
Айрым маалыматтар боюнча, ушул тапта Иранда бир жарым миллионго жакын ооган баш паанаоодо. Ооганстандагы абал жакшыргандыктан, оогандыктар эми качкындар болуп саналбайт, деп эсептейт расмий Тегеран.