Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:37

АКШнын аскерлери Нажаф шаарына чабуул жасаганга даяр турушат


НАЖАФ. Ирактын эл-Фалужа шаарында ок атышууну токтотуу келишмининин мөөнөтү дагы эки күнгө узартылды. Ал жерде ушул жумада куралдуу суннилер менен АКШнын аскерлеринин салгылашуулары болгон. Ал эми шии лидери Моктады ас-Садранын согушкерлеринин көзөмөлүндө турган Нажаф шаарына Американын эки жарым миңдей аскери чабуул койгонго даяр турушат. Ас-Садра шиирлери менен Америкалык аскерлердин ортосундагы жаңжалды жөнгө салууга көмөктөшүү үчүн Иракка ирандын тышкы иштер министрлигинин делегациясы келди. Алар ас-Садранын өзү менен көзмө-көз сүйлөшмөкчү.
Кечээ кечинде Вашингтондо пресс-конференцияда сүйлөгөн сөзүндө президент Жорж Буш Ас-Садранын согушкерлерин "бандалар" деп сыпаттап, Ирактагы аскердик командачылыктын өтүнүчү боюнча өлкөгө дагы 10 миң солдатты жиберүүгө даяр экенин билдирген. АКШнын президенти ошондой эле Ирактагы бийлик 30-июндан кечиктирилбестен ирактыктарга өткөрүлүп берилээрин бышыктады.

XS
SM
MD
LG