Украина жетекчилиги кечээ күнү атайын чечим кабыл алып, өлкөнүн улуттук сыналгы жана үналгысынын уктуруулары украйн тилинде гана болууга тийиш деген талап койду. Улуттук теле жана радио кеңешинин басма сөз катчысы Микола Хриценконун айтымында, орус тилиндеги берүүлөр 19-апрелден тартып акырындап жоюлат. Акыркы сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча, өлкө калкынын 68 пайызы украйн тилин эне тили катары эсептейт.