Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:13

Македониядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында эч ким уткан жок


Македонияда кечээ күнү кезексиз президенттик шайлоо өткөрүлдү. Добуштардын 47 пайызын чогулткан премьер-министр Бранко Чрвенковски биринчи орунга чыкты, бирок ал талаптуу 50 пайыз добушка жетпегендиктен, эми 24-апрелде шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт. Оппозициялык саясатчы Сашко Кедев 37,5 пайыз добуш менен экинчи орунду ээледи. Бардыгы болуп шайлоого төрт талапкер катышкан. Өлкөнүн мурдагы президенти Борис Трайковски февралда аба кырсыгынан курман болгон.

XS
SM
MD
LG