Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Нарында М.Акаеванын китебинин бет ачар аземи болду


НАРЫН. Бүгүн Нарын шаарында Майрам Акаеванын «Үмүттүн шооласы үзүлбөйт» аттуу китебинин бет ачар аземи болду. Ушуну менен аталган китептин бет ачар, алгачкы аземдерин өткөрүү тоолуу региондо да сапарын баштады. Негизинен бийликтин бутактарынын өкүлдөрү, агартуу кызматкерлери жана мектеп окуучулары катышкан жыйында облустук жатак мектеп-лицейдин жамааты 3 бөлүмдөн турган инсценировка тартуулашып, китептин үзүндүлөрүн 6 тилде, атап айтканда кыргыз, орус, казак, араб, англис жана немис тилдеринде аткарышты. Чыгып сүйлөгөндөр чыгармалардын турмуштук жыйындысы, ар бир адам аздектеп, аяр мамиле кылуучу өмүрү узун баалуулук деп сыпатташты. Ошондой эле губернатордун биринчи орун басары Ж. Азыловдун, облусттук соттун, облусттук улуттук банк башкармасынын, губернатордун пресс-катчысынын стипендиялары окуучуларга тапшырылды. Мектеп жамаатына белек-бечкектер ыроолонду.

XS
SM
MD
LG