Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Ысыккөлдө малдын шарп ылаңы кайра чыкты


КАРАКОЛ. Ысыккөл облусунун Түп районунда малдын шарп ылаңы чыгууда. Аталган райондун Арал айылынын тургуну Акматов Султангазынын "Азаттык" радиосунун кабарчысына билдирген маалыматына караганда, малдын шарп ылаңы аныкталса дагы, ага каршы күрөшүү чаралары көрүлгөн жери жок. "Менин кесибим мал доктур дейт ал, шарп ылаңы жайылып кетсе анда ача туяктуу малдын баарына, ал тургай адамдарга да жугат. Ошондуктан базарларга эт саттырбай, райондон мал чыгарба,й карантин кылуу керек. Бирок айыл тургундарынын бул суроо-талабы аткарылган жери жок, элеттиктердин жашоо тиричилиги ансыз да очорулуп турат. Деги биздин үнүбүз кимге жетет, элди ойлогондор чыгабы?" деп собол таштайт элдин атынан нааразычылыгын билдирген Акматов. Кошумчалай кетүүчү маалымат малдын шарп ылаңы Тоң жана Ысыккөл райондорунда катталган.

XS
SM
MD
LG