Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Маданият жана тил комиссиясын Муратбек Бегалиев жетектеди


БИШКЕК. Өкмөт алдындагы маданият жана тил боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагалыгына улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев дайындалды. Ал эми аталган комиссиянын мурдагы төрагасы Болот Осмонов төрага орун басарынын кызматын аткарууда. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат бөлүмүнөн билдиришти. Өкмөт алдындагы маданият жана тил боюнча мамлекеттик комиссия ушул жылдын башында түзүлгөн. Ал эми билим берүү министринин биринчи орун басарлыгына президенттин алдындагы билим боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Гайша Ибрагимова дайындалды.

XS
SM
MD
LG