Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

Кыргызстанда жогорку окуу жайларына тест сынагы май айында өткөрүлөт


БИШКЕК. Быйыл Кыргызстанда жогорку окуу жайларына тест сынагы 24-майдан 31-майга чейин өткөрүлөт. Тест сынагы былтыркыдай эле «Акселс» уюму жана билим берүү министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Билим берүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, өлкөдө өткөрүлчү терстирлөө системасына айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Мисалы, өткөн жылы ар бир абитуриент тест сынагынан өтүү үчүн 5 жогорку окуу жайын тандаса, быйыл үч окуу жайын гана тандай алат. Өткөн жылы тест сынагынын жыйынтыктары боюнча абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алуу үч тур менен өтсө, быйыл алар эки тур менен кабыл алынат. Υстүбүздөгү жылы өлкөдө 85 миң окуучу орто мектептерди аяктайт. 2003-жылы алардын саны 81 миң болгон. Кыргызстанда 2030га жакын орто мектеп жана 30 жогорку окуу жайы бар.

XS
SM
MD
LG