БРЮССЕЛ. АКШ Кипрге 400 миллион доллар бөлүүнү көздөп жатат. Бирок Кошмо Штаттар мындай жардамды референдумда алар Бириккен улуттар уюмунун долбоорун колдогон шартта гана бере алат. Бул тууралуу долбоорго каржы берүүчү тараптардын конференциясында маалымдалды. Түркиядагы жана Грекиядагы Кипр аралдарында рефрендум 24-апрелде өтөөрү күтүлүүдө. Эгер БУУ долбоору колдоого алынбай калса, 1-майда Европа Биримдигине Грекиядагы Кипр республикасы гана мүчө болуу укугуна ээ болот.
Кечки жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Бурулкан Турдубек кызы, Прага
Кечки жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Бурулкан Турдубек кызы, Прага