Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:37

Жапониянын Иракта барымтадагы атуулдары бошотулду


БАГДАД. Ирак көтөрүлүшчүлөрүнүн колунда барымтада отурган үч жапон атуулу бошотулду. Буга чейин барымтадагы италиялык төрт атуулдун бири өлтүрүлгөнү жарыяланган. Ушул эле аралыкта жапондук дагы эки атуулдун барымтага алынгандыгы маалымдалды. Жапон премьер министри Дзюньитиро Коидзими көтөрүлүшчүлөрдүн жосунун жексурдук катары баалады:

- Бул караманча кечирилбей турган жексур жана катаал иш. Биз бул акыйкатсыз терризмди тааныбашыбыз керек, - деди.

Америкалыктар Иракта болжол менен 40 адам барымтага алынганын айтышууда. Бүгүн ошондой эле ирандык Халил Найми аттуу дипломат Багдадда атып өлтүрүлдү. Бул аралыкта өзүн Бин Ладен деп тааныштырган тасмадагы үн араб спутниги аркылуу Европа өлкөлөрүн келишүүгө чакырды. Үн кимге таандык экендиги учурда текшерилип жатат. Италия, Германия жана Британия өкмөттөрү бул чакырыкты колдошкон жок.

XS
SM
MD
LG