Кечээ күнү Латвиянын борбору Рига шаарында эки миңге жакын мектеп окуучу көчөгө чыгып, өлкөнүн орус тилдүү мектептериндеги латыш тилиндеги сабактардын көбөйтүлүшүнө каршылык билдирди. Алар өкмөт өкүлдөрү менен жолугуп, арыз да тапшырды. 1-сентябрдан тартып орус мектептериндеги сабактардын кеминде 60 пайызы латыш тилинде өткөрүлүүгө тийиш. Өлкөнүн эки миллион 300 миң калкынын 30 пайызын орустар түзөт.