Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

Израилдин жаңы чечимине АКШ колдоо көрсөткөнүн дүйнө сынга алууда


Израилдин премьер-министри Ариэл Шарондун АКШга болгон кызмат сапары кечээ күнү аяктады. Аны менен жолуккандан кийин президент Жорж Буш Израилдин жаңы планына колдоо көрсөттү. Ал план боюнча басылып алынган араб жерлерин Израил толук кайтарып бербейт. Европа комиссиясы, бир нече европалык мамлекеттер, араб өлкөлөрү жана Бириккен улуттар уюму бул планды сынга алды. Европа комиссиянын өкүлү Рейжо Кемппинендин айтымында, бул жаңы план мурда макулдашылган бардык келишимдерге каршы келет. Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан дагы Изарилдин акыркы аракеттери чөлкөмдө тынчтык орнотууга көмөктөшпөйт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG