Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

АКШ жетекчилиги америкалык аскерлердин Иракта калуу мөөнөтүн узартты


АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, үйүнө кайта турган 20 миңге жакын америкалык аскердин Иракта калуу мөөнөтү узартылды:

- Салгылашуулар майданындагы 20 миңге жакын адамдын кызмат мөөнөтүн биз узарттык, алардын 25 пайызы сакчылар жана жардамчы аскерлер. Алар Иракта 90 кошумча күнгө калат, жалпы аскерий мөөнөтүнүн узартылышы болсо 120 күнгө жетет.

Иракка аскерий кызмат өтөөгө чакырылганда аскерлерге - алар өлкөдө бир жылдан ашык болбойт деген убада берилген. Бардыгы болуп Иракта азыр америкалык 135 миң аскер аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG