Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:25

Ирактагы барымта кризиси уланууда


Ирактагы согушкерлер жапаниялык үч туткунду бошоткону менен, бир нече чет өлкөлүк жаран барымтада кармалууда, бир италиялык туткун болсо өлтүрүлдү. Согушкерлердин башчысы Муктада ас-Садр менен сүйлөшүү үчүн Нажаф шаарына бараткан ирандык дипломат да өлтүрүлдү. "Ал-Каида" террордук уюмунун башчысы Усама бин Ладен европалык жетекчилерге кайрылып, эгер алар аскерлерин Ирактан алып чыгып кетсе, аларга каршы эч аракет көрүлбөйт деп билдирди. Америкалык жана израилдик жарандарга каршы чабуулдар болсо кандай шартта болбосун улантылат. Алмания, Британия, Испания, Италия жана Европа Биримдиги бул сунушту четке какты. Самарра шаарында кечээ күнү бомба жарылып, америкалык бир аскер курман болуп, дагы үчөө жаракат алды. Башка бир кагылышуудан ирактык үч жаран набыт кетти. Фаллужа шаарында болсо америкалык чабуулдан бир мечит кыйрады.

XS
SM
MD
LG