ООНдук эксперттердин прогноздору ушундай. Былтыркы жыл менен салыштырганда дүйнөлүк экономиканын көрсөткүчү бир процентке жогорулайт. Өнүгүүнүн арымын эксперттер быйыл Кытайда – 8,5, Россияда – 8 процентке чукул болот деп болжолдошууда, ал эми бул көрсөткүч Японияда –3, Евросоюзда 2 проценттин тегерегинде болушу мүмкүн. АКШда болсо экономика 4,7 процент өнүм бериши ыктымал. Ошол эле учурда бюджет жана соода тартыштыгы америкалык экономикага терс таасирин тийгизиши мүмкүн.