Америкалык штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси генерал Ричард Майерс бүгүн Кабулда ооган жериндеги контингент террорчулар жаз айларында активдеше баштаганына жана быйыл күздө боло турган жалпы элдик шайлоого байланыштуу күчөтүлүп жаткандыгын билдирди. Бул жерде америкалык он үч миң аскер бар эле, эми алардын жалпы саны он беш миңге жетти. Майерс ошондой эле тоодогу жылга-жыбыттар менен быткылдарда жашынып жаткан террорчуларды таап, жок кылуу ишине коңшулаш Пакистан да активдүү кол кабыш көрсөтөрүнө ишенич билдирди.