Жорж Буш быйыл 30-июнда бийлик ирактыктарга өткөрүлүп берилерин кайрадан бышыктады. Тони Блэр болсо өз кезегинде жагдай ООНдун коопсуздук кеңешинен эң жакын аралыкта Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алууну талап кылып жаткандыгын белгиледи. Жаңы резолюция, Блэрдин пикирине ылайык, Ирактагы өткөөл мезгилди мирисинен сирисине чейин аныктаган документ болушу керек.