Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Ирактын Фаллужа шаарында сүйлөшүүлөр башталды


Америкалык генерал Жеймс Конвэй коалициянын өкүлдөрү кагылыштарды алдын алуу максатында шаардык сүннүлөр менен тил тапканга аракет кылып жаткандыгын белгиледи. Имам ал-Садр бүгүн Куфа шаарындагы жуманамаз маалында сөз сүйлөп, анын куралдуу кошуундары америкалыктарды Нежефке киргизбей тургандыгын билдирди. Сүннү мусулмандар уюмунун өкүлү шейх Абдул Салам ал-Кубайси эгер кырдаал өзгөрбөсө Багдад да козголуп кетерин, Фаллужада калк жапырт көтөрүлүп, америкалыктарды селдей каптап кете тургандыгын эскертти. Бул уюмдун өкүлдөрү барымтага алынган бир катар кишилердин бошотулушуна жардамдашкан эле. Нежеф менен Фаллужа баштагыдай эле коалициялык күчтөрдүн камоолунда турат.

XS
SM
MD
LG