БАТКЕН. 16-апрелде облустук бийликтин жана ички иштер Башкармалыгынын өкүлдөрү Баткен - Исфана жолунун Тажикстан айылдарын аралап өтүүчү бөлүгүнө рейд жасады. Буга кыргыз - тажик чегиндеги Баткендин Көкташ айылынын жашоочуларынын Тажикстандын МАИ кызматкерлери Кыргызстан автоунааларын негизсиз токтотуп, ар кандай шылтоолор менен акча талап кылып жатышы тууралуу облус бийлигине кайрылуусу себеп болгон. Рейд учурунда алар Тажикстандын Сурх айылында эки МАИ кызматкери кыргыз автоунааларын тосуп турганына күбө болушту. Учурда бул окуя боюнча Тажикстандын Согду облусунун жетекчилигине кат даярдалууда. Анда МАИ кызматкерлеринин мындай аракети мыйзамсыз экени, муну менен эки тараптын макулдашуулары бузулуп жатканы эскертилип, ээнбаш МАИ кызматкерлерине чара көрүү жагы суралат. Баткен районунун үч айыл өкмөтүнүн жана Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын эли облус борборуна келүү үчүн Тажикстандын Сурх, Чаркоп айылдарын аралап өтүүгө мажбур.