Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Арпатектирге мектеп салынат


БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын январь айындагы жер титирөөнүн очогу Чүй облусунун Чүй районундагы Арпатектир айылына жакын жерде болгон. Зилзаланын кесепетинен айрым турак жайларга, 1926-жылы курулган мектепке доо кеткен. Кыйрап калуу коркунучу бар турак жайлардын ордуна жаңы курулуш иштерин жүргүзүүгө өкмөт алдындагы турак жай курулуш депертаменти тарабынан акча каражаты бөлүндү. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар жана экология министринин жеке көзөмөлдүгү астында 75 орундук мектептин долбоору түзүлүп курулуш иштери башталды. Бул тууралу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жер шаарында жаратылыш кырсыктарынын 70 түрү болсо, анын жер көчкү, кар көчкү, зилзала, сел сыяктуу 20 түрү Кыргызстандын аймагында кайталанып турат.

XS
SM
MD
LG