БИШКЕК. Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» жашыруун уюмунун китептери менен баракчаларын таратууга аракеттенген эки атуул кармалды. Мындай маалымат бүгүн ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкуловдон алынды. Анын маалыматына караганда, кармалган эки атуул «Хизб ут-Тахрир» диний уюмуна таандык 270 китеп менен баракчаларды КМШдагы мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Чолпонатадагы саммити маалында Ысыккөл областынын тургундарына таратуу максатын көздөшкөн. Баракчаларда Кыргызстандын президентин жана Конституциясын тааныбай, келечекте түзүлөт деп эсептешкен Фергана халифатынын эмирин таануу чакырыгы жазылган жана кыргыздар христиандардын Ыйса пайгамбарынын туулган күнү белгилешет деп кинеленген. Ички иштер министрлигинин билдирүүсү боюнча, бул «Хизб ут-Тахрир» диний уюмунун аракети өлкөнүн түндүгүндө да күч ала баштагандыгын айгинелейт.