БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Чолпонатада Казакстандын премьер-министри Даниел Ахметов менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Казакстандын кызматташуусу жөнүндө сөз болуп, президент Акаев Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтерин курууга Казакстандын салымы тууралуу пикир алышты. Андан тышкары газ куурларын биргелешип пайдалануу жана аны жакшыртууга Казакстандан инвестиция тартуу маселесин козгоду. Даниел Ахметов болсо эки өлкөнүн ортосунда өткөн жылдын декабрь айында кабылданган келишимдердин аткарылышы тууралуу маалымат берди.
Президент Аскар Акаев ушул эле күнү Молдованын премьер-министри Василий Тарлев менен да жолугушту. Анда Кыргызстан менен Молдованын ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу тууралуу сөз жүрдү. Молдованын өкмөт башчысы Кыргызстан менен Молдованын ортосунда эртең кол коюла турган макулдашуулар ага жакшы өбөлгө түзөөрүн билдирди. Мындай маалымат бүгүн президенттин басма сөз кызматынан алынды.