Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:41

"Дордой" базарында өрт чыкты


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин «Дордой» базарына тийешелүү «Дордой-Азия» дүң соода дүкөнүндө өрт чыкты. Алдын-ала айтылган божомолдор боюнча, өрт күндүзгү саат эки жарымда, темир менен иштеп, ширетүү маалында тутанган. Аны өрт өчүргүчтөр өчүрө жаздап калганда суу түгөнүп, суу алып келүү үчүн кеткенде өрт кайра жалындап, алоолонуп, күчөп кеткен. Дүкөндө соода кылгандардын айтымында, анда күнүнө 1 миллион сомго жакын соода жүрчү жана өрт канча зыян алып келгени тууралуу азырынча так маалымат жок. «Дордой-Азия» дүң соода дүкөнү мындан үч жыл мурун ачылган жана анда бардык наамдагы товарлар сатылчу.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG