БИШКЕК. «Орусияда соода сатык кылып жүргөн кыргыз атуулдарын паспорттук каттодон өткөрүү ар кандай кыйынчылыктарды жаратууда. Алардын көйгөйлөрүн чечүү максатында 5-6 шаарды кыдырып, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен таанышып келдик»,-деп билдирди Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Төлөн Турганбаев. Анын айтымында, Орол аймагындагы кыргыздардын акыбалын жакшыртуу багытында көп баскычтуу иш чаралар башталат. Ал эми паспорттук каттоодон өткөрүү маселесин чечүү максатында “Замандаш” кору атайын фирма ачып кыргыз атуулдарына жардам берери күтүлүүдө. Азырынча Оролдон Новосибирсктин аймагында болжол менен 150 миңден ашуун кыргыз атуулдары иштейт жана алардын саны жай келиши менен кескин көбөйүшү мүмкүн.