Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

«Энесай» гезитинин баш редактору убактылуу абактан бошотулушу мүмкүн


БИШКЕК. “Энесай” гезитинин» мажбурлап акча алды” деген кине менен кармалган башкы редактору Бахпурбек Аленовго карата баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Ага ылайык редактор дүйшөмбү күнү тергөө абагынан бошотулушу мүмкүн. Мындай маалыматты бүгүн редактордун адвокаты Сырдаш Жакыпов “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, буга Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын айрым депутаттарынын Бахпурбек Аленовго карата баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Башкы прокурорго кайрылган өтүнүчүнүн канааттандырылганы негиз берди. Анда депутаттар редактор эркиндикте жүрүп сурак берүүсүн суранышкан эле. «Энесай» эркин гезитинин башкы редактору 18-мартта Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Тайырбек Сарпашевдин агасы Эмир Сарпашевден жазган макаласы үчүн 800 доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексининин 170-беренесине ылайык, "опузалап акча талап кылган" деген айып коюлуп убактылуу тергөө абагына камалган. Бахпурбек Аленов буга чейин "Азаттыкка" берген интервьюсунда эч кандай күнөөсү жоктугун айткан.

XS
SM
MD
LG