Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Испаниянын жаңы премьер-министри кызматка киришти


Испаниянын жаңы дайындалган премьер-министри Хосе Луис Родригес Сапатеро бүгүн ант берди. Аземге падыша Хуан Карлос, анын жубайы София, кызматтан кетип жаткан премьер Хосе Мариа Аснар катышты. Жума күнү испан парламенти Сапатерону өкмөт башчы кылып бекитти жана ал депутаттар алдында сүйлөгөндө, эгер 30-июнга чейин Ирак Бириккен Улуттардын көзөмөлүнө өткөрүлбөсө, Испания өз аскерлерин өлкөдөн чыгарып кетет деп билдирди. Сапатеронун Социалисттик партиясы 14-марттагы парламенттик шайлоодо утуп чыкты жана кээ бир байкоочулардын пикиринде, анын алдында, 11-мартта Мадрид шаарында бир нече теракт ишке ашырылганы Аснардын партиясынын шайлоодо утулганына таасир тийгизген.

XS
SM
MD
LG