Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Быйыл 1 миллионго жакын качкындар Ооганстанга кайтышы ыктымал


КАБУЛ. Бүгүн Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссары Рууд Лабберс Кабулда маалымат жыйынын өткөрүп, быйыл бир миллионго жакын ооган качкындары Иран жана Пакистандан өз өлкөсүнө кайтып келээрине ишене турганын билдирди. Ошол эле маалда Лабберс Ооганстанда кырдаал курч бойдон калып, коопсуздук жакшы болбой жатканын белгиледи.
Талиптердин бийлиги кулаган 2001-жылдан бери Ооганстанга 3 миллионго жакын качкындар кайтып келишти. Ошол эле учурда үч жарым миллионго чукул качкындар чет мамлекеттерде баш калкалап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG