Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Кабулда Ооганстандын экономикасына арналган эларалык жыйын өтүп жатат


КАБУЛ. Бүгүн Кабулда Ооганстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана соода байланыштарын чыңдоого арналган эки күндүк аймактык конференция өз ишин баштады. Бул – акыркы 20 жылда Ооганстанда өтүп жаткан ушундай масштабдагы биринчи жыйын болуп эсептелет. Конференцияны ачып жатып Ооган президенти Хамид Карзай дагы өлкөнүн өнүгүшүнө бул - жакшы жөрөлгө болсун деп белгиледи. Карзайдын айтымында, Ооганстан чегараларын ачып, коңшулары менен соода-экономикалык алакаларды арттырууга баардык аракеттерди жасайт.

Ооганстандын соода министри Мустафа Каземи конференциянын өтүп жатышы демек Ооганстан мындан ары бизнеске ачык өлкө дегенди билдирет деди. Жыйынга Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу Ооганстанга жакын жайгашкан мамлекеттердин өкүлдөрү чакырылган.

XS
SM
MD
LG