Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:19

Иракта америкалык 5 аскер каза тапты


БАГДАД. Бүгүн Иракта болгон жаңы кол салуулардын каскагынан Кошмо Штаттардын дагы беш аскери каза тапты.

Кечээ Ирактын Сирия менен чегарасына жакын жайгашкан Кусайба шаарынын жака-белинде америкалык аскерлер менен Ирактын жергиликтүү куралдуу топторунун ортосунда 14 саатка созулган айыгышкан катуу салгылашуу жүрдү. Америкалык журналисттин айтымында, кармаш кандуу болуп, андан америкалык 5 аскер каза тапты, тогузу катуу жаракат алды. Бир нече ирактык да жашоо менен кош айтышканы кабарланууда.

Ал арада Ирактын эки шаарында – Нажафта жана Фаллужада абал оор бойдон калууда. Бүгүн Нажаф шаарына Американын эки жарым миңдей аскерлери кошумча күч катары жеткирилди. Алар молдо Моктада Садрдын тарапкерлеринен шаарды бошотууга кам көрүшүүдө. Фаллужада да кармаштар уланчудай түрү бар. Бул шаарда жакында америкалык төрт аскер өлтүрүлүп, алардын денелери мазакталган эле. Коалиция кылмышкерлерди ирактыктардын өздөрү таап бериши керек деген талап койгон эле, бирок ал аткарыла элек.

XS
SM
MD
LG