Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Пакистанда “Ал-Каиданын” мүчөлөрүнө каршы чабуулдар жүрүп жатат


УОНА. Бүгүн Пакистандын куралдуу күчтөрү өлкөнүн Ооганстан менен чектеш Түштүк Визирстан аймагында “ал-Каиданын” тарапкерлерине каршы чабуулдарды жүргүздү. Ассошейтед Пресстин маалыматына караганда, эки миңге жакын аскерлер аймактан “ал-Каиданын” жашырынып жүргөн мүчөлөрүн издөөдө.

Өткөн айда “ал-Каида” менен Пакистан армиясынын Түштүк Визирстандагы кандуу кагылышуусунан 120 киши мерт болгон. Алардын кырк сегизи өкмөттүн аскерлери. Бул аймакта “ал-Каиданын” ана башылары Усама бен Ладен менен Айман ал-Захри жашырынып жүрөт деген маалыматтар бар.

 

XS
SM
MD
LG