Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:26

Игорь Иванов Перс булуңуна аттанды


МОСКВА. Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Игор Иванов бүгүн Перс булуңундагы мамлекеттерге жөнөп кетти. Кремлдин маалыматына караганда, Иванов Катар, Кувейт жана Суад Арапстан бийликтери менен Жакынкы Чыгыштагы жана Ирактагы абалды талкуулайт.

Мындан бир апта мурда Катарда Чеченстандын мурдагы президенти Зелимхан Яндарбиевди февралда өлтүрдү деп шектелген Орусиянын эки атуулунун үстүнөн сот иши башталган эле. Игор Иванов Катарга барганда бул маселени талкуулайбы, жокпу – ал тууралуу маалыматта айтылбайт.

XS
SM
MD
LG