Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Коалиция шайлоого даярдык көрө баштады


БИШКЕК. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдар коалициясы келечектеги шайлоолордун демократиялык негизде өтүшүнө салым кошуу максатында «Адилет шайлоо биримдиги» деген кеңеш түзүү чакырыгы менен чыкты. Бул чакырык негизинен өкмөттүк эмес уюмдарга жана атуулдарга багытталган. Бул тууралуу коалициянын президенти Эдил Байсалов жекшембиде билдирди. Анын айтымында, кеңештин үч багытта, анын ичинде шайлоо алдындагы кампанияга жана шайлоого байкоо жүргүзүү максатында көз карандысыз байкоочуларды даярдоо, шайлоо комиссияларына өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн киришин камсыздоо жана шайлоочуларга өз укуктарын түшүндүрүү багытында иш жүргүзүүсү белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG