Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:30

«Кылым шамы» уюму тартип коргоо органдарынын реформаланышына күмөн


БИШКЕК. «Кылым шамы» коомдук уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова «Толерантуулук фондунун» «Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери менен атуулдук коомдун атуулдук баш ийбөөчүлүк учурунда өз ара түшүнүшүүсү» деген долбооруна катышуудан баш тарткандыгын бүгүн билдирди. Анын айтымында, Швейцариянын колдоосу менен түзүлгөн бул долбоор атуулдук коом менен тартип коргоо органдарынын кызматташуусун жолго салууну көздөгөн жана бул багытта тараптар бир катар жолугушууларды өткөргөн. «Биз адегенде эле атуулдардын демонстрация, пикетке чыгуусу атуулдук баш ийбөөчүлүк эмес, адамдардан Конституциялык укугу экенин белгилеп, долбоордун аталышына каршы чыкканбыз», деген Азиза Абдрасулова, акыркы кездеги окуялар жогорку бийликтин саясий эрки болмоюнча ички иштер министрлигин реформалоо мүмкүн эместигин дагы бир ирет тастыктады деп белгиледи.

Долбоор ички иштер министрлигинин, улуттук коопсуздук кызматынын, экинчи жактан бир катар өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ишке ашырылып жаткан.

XS
SM
MD
LG