Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Чеченстан менен Ингушетиядагы кан төгүүдө бир нече киши каза тапты


Чечен администрациясына шилтеме берип Ассошиейтед Пресстин кабарлашынча, Чеченстанда сеператисттик бир нече чабуулда алты орус аскери окко учту. Интерфакстын билдиргенине караганда, Ингушетияда чечен партизандары бар деп курчоого алынган бир айылда эки орус полициячы жана Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын бир тыңчысы курман болду. Бул салгылашта төрт чечендин ажал тапканы кабарланууда. Ал эми арабдардын "ал-Арабия" телеканалы Чеченстанда араб согушчандарынын башчысы Абу ал-Валеед ал-Гамди дегендин өлтүрүлгөнүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG