Бул тууралуу аты аталган шийит молдонун басма сөз катчысы билдирди. Катчы ошондой эле Ирактан АКШ баштаган оккупациялык күчтөрдү дароо чыгарып кетүүнү талап кылды. Болгар сыналгысы менен болгон маегинде Каис ал-Казаали мындан тышкары оккупциялык бийликтер саясий туткундарды дароо бошотушу керек деп талап койду. "Эгер америкалыктар Иракта кала берсе, Вьетнам согушу аларга баланын ойну болуп калат" деди. Катчы АКШны Садр молдо жашаган Нажаф шаарына кол салбоону эскертти.
Садр молдонун куралчандары Иракта Бириккен Улуттардын бейкуттук аскерлерин жайгаштырууну жакташат