Израилдин ракетасынан мурдагүнү курман болгон Абдел Азиз Рантисини жерге берүүгө кечээ 200 миңдей палестин келди. ХАМАС Рантисинин өлүмү үчүн өч алаарын жарыялады. Сөөк коюуга палестиналык бардык радикал топтордун куралданган жүздөгөн өкүлдөрү катышканы кабарланууда. Рантисини өлтүргөнү үчүн Израил катуу сынга алынып жатат.