Аба ырайын маалымдоо борборунун шашылыш билдирүүсүнө караганда 20-апрелде Чүй, Талас облустарында жана Ош, Жалалабат, Баткен дубандарынын тоолуу аймактарында 0…-2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт.Үшүк гүлдөп жаткан мөмөлүү бак-дарактарга терс таасирин тийгизиши ыктымал.20-21-апрель күндөрү Бишкек-Ош автожолунун 132-135, 198-208 жана 222-249 чакырым аралыктарында көчкү жүрүшү күтүлүүдө.
20-апрелде Кыргызстанда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, ал эми күндүз айрым жерлерде жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт.
ЧҮЙ жана ТАЛАС өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…+5 градус, кээ бир жерлерде 0…-2 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +4…+9 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +8…+13 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13 градус жылуу болушу күтүлөт.
НАРЫН облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12 градус жылуу.
БИШКЕКТЕ күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +7…+9 градус жылуу болот.
Кабарларды Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.
Аба ырайы менен Алина Кангелдиева тааныштырды.