Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

18-апрелде болгон катуу шамал Талас облусуна ири зыян келтирди


ТАЛАС. Граждандык коргоонун облустук штабынан 19-апрель күнү алынган маалыматка караганда, 18-апрель күнү түштөн кийин Талас облусунда катуу шамал болуп, такталбаган маалыматтар боюнча шамалдын ылдамдыгы Манас районунда секундасына 20-25 метрге жетсе, Карабура районунда 15-20 метрдин тегерегинде болгон. Натыйжада Манас районунун аймагында алдын ала эсептөөлөр боюнча бир нече телефон жана электр мамылары сынып, айрым жерлерде өрт чыккандыгы айтылууда. Имараттардын жана турак үйлөрдүн чатырларынан миңге жакын шиферди шамал учуруп кеткен. Өлкөнүн чукул кырдаалдар министрлиги быйылкы жылдын февраль айындагы катуу шамалдын келтирген кесепетин али толук калыбына келтире элек болучу.

XS
SM
MD
LG