БАТКЕН. 19-апрелде Баткен облусунда БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Давид Акопян баштаган топтун үч күндүк иш сапары башталды. Иш сапар негизинен аталган программанын облустагы ишмердүүлүгүн кеңейтүү, жакын арада баштала турган үч багытты камтыган жаңы долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөр менен таанышуу максатын көздөйт. Бул жаңы долбоор айыл чарбасын өнүктүрүү, кесиптик-техникалык билим берүү тармагын колдоо жана жакырчылыкты кыскартуу багытында иш жүргүзөт. Үч күндүк иш сапарынын учурунда бул топ өнүктүрүү программасынын Тажикстандага өкүлдөрү менен да жолугушуп, эки өлкөнүн кошуналаш Баткен жана Согди облустарында кызматташтыкты чыңоо менен ишмердүүлүктү кеңейтүү жолдорун талкуулашат.