Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Нарында ардагерлер нааразылык билдиришти


НАРЫН. Бүгүн Нарын шаарынын №2 байланыш түйүнүндө тейленүүчү ардагерлери бул ишканага нааразылык билдирип чогулушту. Нарын шаарынын почта бөлүмдөрүнүн начальниги жана Нарын облустук пенсияларды төлөө жана таркатууну көзөмөлдөө кеңшинин төрагасы келишти. Ардагерлердин айтымында, буга чейин түзүлгөн графикаларды канаттандыруучу. Себеби баары акчага такалган шаарда жашоо өтө кыйын. Бирок акыркы айдын пенсиясын таратууда акча жетпейт деп таңкы төрттөн баштап кезекке турушкан. Айтылгандардын баарын уккан соң Нарын шаардык почта ишканасынын начальниги Турат Султангазиев экинчи почта түйүнүндө 665 - 700 миң сом таратылаарын, пенсия айына ай кечикпей бирилип жаткандыгын, эми мындан ары аталган почта түйүнүндө карыларды кезек күттүрбөй пенсияны эки күн ичинде таратып берүүгө убада берди.

XS
SM
MD
LG