Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:24

Чет өлкөдөн көчүп келген улуту кыргыз атуулдарга жардам берилет


БИШКЕК. Бүгүн Кувейт эл аралык кайрымдуулук фонду менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Иммиграциялык фондунун ортосунда келечекте биргелешип иш алып баруу тууралуу Келишимге кол коюшту. Келишимге ылайык башка өлкөлөрдөн көчүп келген улуту кыргыз атуулдардын турак жай сатып алуусуна, Кыргызстандын атуулдугун алып, жумушка орнотулушуна көмөк көрсөтүлөт. Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, учурда Чүй обласында Тажикстандан келген 7 миңден ашуун кыргыз жашайт. Ал эми үстүбүздөгү жылдын жай айларында Туркиядан 12 үй-бүлө Кыргызстанга көчүрүлүп келиши пландаштырылууда.

XS
SM
MD
LG