Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Акыйкатчынын ишине нааразылык айтылууда


БИШКЕК. Кыргызстандын Акыйкатчысынын Жалалабат облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагаларына ачык кат менен кайрылышты. Анда Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу адам укуктарын коргоо институтунун кызматкерлерин негизсиз иштен чыгаруу, өзүнүн тууган, тааныштарын кабыл алуу менен алек, кызматкерлердин эмгек акылары 2-3 айлап кармалат, ал эми иштөө үчүн эч кандай шарттар жок деп айтылган. Кат ээлери Турсунбай Бакир уулу Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйындарында Омбудсман институтунун ишмердүүлүгү боюнча отчет берген учурда аларга да сөз берүүнү жана Акыйкатчыны ээлеген кызматынан четтетүү демилгесин көтөрүүнү өтүнүшкөн. Ал эми Акыйкатчынын аппарат жетекчиси Каныбек Эргешов Жалалабат облусундагы өкүлчүлүктүн ачык катындагы маалыматтар негизсиз деп «Азатыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG