Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

20 кыргызстандык атуул Кытайда барымтада кармалууда


Бишкек. Учурда Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү, Кашкар, Артыш, Топо шаарларында кытай тараптын маалыматы боюнча он эки кыргызстандык атуул карыз үчүн барымтада кармалууда. Ал эми Кыргызстандагы маалыматтарга ылайык, учурда Кытайда 20 атуул барымтада отурат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгынын жетекчиси Руслан Казакбаев жана Миграция департаментинин башчысы Зафар Хакимов билдиришти. Алардын айтымында, үстүбүздөгү жылдын март айында өлкөнүн Ички иштер министрлигинин, Консулдук башкармалыгынын өкүлдөрү барымтада жаткан кыргызстандык атуулдардын абалы менен таанышып келүү максатында Кытайга барышкан. Иш сапардын соңунда барымтадагы атуулдардын санын жана алардын барымтага түшүү себебин тактоо боюнча эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG