Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

«Кооперативдер жөнүндөгү» мыйзам долбоору талкуулана баштады


БИШКЕК. Бүгүн парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында «Кооперативдер жөнүндөгү» мыйзам долбоору карала баштады. Долбоор өкмөт тарабынан иштелип чыккан. Жыйында премьер-министрдин аппарат жетекчиси Бекболот Талгарбеков, палатанын агроөнөржай комплекси боюнча комитетинин төрагасы Бөрүбай Жураев Кыргызстанда кооперативдерди түзүүнүн зарылдыгы жана мындай иш-чара өлкөдө жакырчылыкты кыскартууга өбөлгө боло тургандыгы жөнүндө айтышты. Ал эми депутаттар Бейшебек Акунов, Адахам Мадумаров, Махмуд Күчүков жана башкалар айыл чарба тармагындагы реформа башынан туура эмес жүргүзүлгөндүгүн жана эми кайрадан кооперативдерди түзүүдөн тармак оңолуп кетпейт деген пикирлерин билдиришти. Айрым депутаттар болсо, «Кооперативдер жөнүндөгү» мыйзам долбоору кабыл алынганы менен, калк үлүшкө бөлүнгөн жерлерин кайра бириктирип иштөөнү колдобой коюшу ыктымал деген көз караштарын да ортого салышты. Мыйзам долбоорун талкуулоо палатада эртең улантылат.

XS
SM
MD
LG