Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

Мамлекет башчы «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамга кол койду


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган «Мунапыс жөнүнөгү» мыйзамга кол койду. Ага ылайык, учурда өлкөнүн түрмөлөрүндө жаткан 700 адам эркиндикке чыгарылып, жети жылга кесилген 1000 атуулдун түрмөдө отуруу мөөнөтү кыскартылат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында президенттик админстрациянын укук бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов билдирди. Анын айтымында, «Арнамыс» партиясынын учурда абакта жаткан төрагасы Феликс Кулов президент кол койгон бул мыйзам боюнча эркиндикке чыгарылбайт жана анын түрмөдө отуруу мөөнөтү кыскартылбайт. «Анткени, Феликс Кулов өзгөчө оор экономикалык кылмыш жасаган», - деп кошумчалады Анарбек Исмаилов.

XS
SM
MD
LG