Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Жапания жана Австралия Испанияны Ирактан өз аскерин алып кетпөөгө чакырышты


Жапания жана Австралия бүгүн Испанияга кайрылышып, аны Ирак боюнча өз милдеттенмесин толук аткарууга чакырышты.
Кечээ күнү Испаниянын жаңы премьер-министри Хосе Луис Сапатеро тез арада Ирактагы 1300 испаниялык аскер чыгарылып кетээрин жарыя кылган болчу.
Япониянын министрлер кабинетинин баш катчысы Ясуо Фукуданын билдиришинче, ар бир өлкө Ирак боюнча алган милдеттенмесин өзү аныктайт. Анткен менен, Иракты кайра курууга көбүрөөк өлкөнүн катышканы жакшы.
Австралиянын өкмөт башчысы Жон Ховард испан аскерлерин Ирактан чыгарып кетүү планын “ осол чечим” деп атап, бул кадам Иракта тынчтыкты орнотууга салым кошпосун билдирди:

- Мен Испаниянын чечимине өтө чоң өкүнүчтөмүн. Испаниянын мындай чечими эркин жана демократиялуу Иракты курууга каршы далалат жасап жаткан адамдардын чырагына май тамызат.

XS
SM
MD
LG