Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

Италия Бириккен Улуттардын Ирак планына колдоо билдирди


БУУнун Ирак боюнча атайын элчиси Лахдар Брахими даярдаган планда АКШ дайындаган Башкаруу кеңеши 30-июнда отставкага кеткенден кийин, бийликти убактылуу өкмөткө өткөрүп берүүнүн жол-жобосу аныкталган. План боюнча Иракта бийлик келээрки январдагы шайлоого чейин премьер-министрдин, президенттин жана эки вице-президенттин колунда болот. Убактылуу өкмөттү Бириккен улуттар уюму, учурдагы Башкаруу кеңеши, АКШ баштаган анти-террордук коалиция жана ирактык соттордун тобу бекитиши керек.

XS
SM
MD
LG